










NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов аңчылык кылууга убактылуу мораторий киргизүү боюнча мыйзамдын өтпөй калганы өкүндүрүп жатканын айтты.
Чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эле эбегейсиз акча төлөйт. Бул тууралуу Толкунбек Асыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, антропогендик таасирден улам жаныбарлар байырлаган аймактар барган сайын азайып бара жатат.
“Айыл чарба, жайыт жерлердин аймагы кеңейип, кен көбөйгөн сайын жаныбарлар жашаган аймактар азаюуда. Натыйжада жапайы жандыктар да азайып, айрымдары жоголуп кетүү коркунучунда турат. Анысы аз келгенсип, аңчылык, браконьерлик дагы бул процессти ылдамдатууда. Ошондуктан жаныбарларды көбөйтүп алуу максатында убактылуу аңчылыкка тыюу салып туруш керек. Ал эми туризмди жаныбарларды атпай деле өнүктүрсө болот. Мисалы, фототуризм деген багыт бар. Жаныбарлар менен сүрөткө түшүүнү каалагандар аңчылык кылуудан да көп кездешет. Мындан бир канча жыл мурда чет элдиктер илбирсти көрүп алсак эле болду деп келишкен. Мына ушул сыяктуу туристтер мергенчилердей эле акча төлөйт”, — деди Асыкулов.
Ошондой эле ал аңчылыктан пайда табууну көздөгөндөр үчүн анын баасын кымбат кылуу керектигин кошумчалады.
Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24