










Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда жапайы жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу максатында ыкчам рейд уюштурулду.
Рейд Кара-Суу районунун Кожокелең айыл аймагындагы Жиптик жайлоосунда, Кара-Гур айылынын Кан жайлоосунда жана Ноокат районунун Чили-Сай жайлоосунда өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок.
Иш-чараны NABU Кыргызстан уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын аңчы адистери жана егерлери менен биргеликте уюштурушту.
Рейддин алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлүп, жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо, мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24