🌍Экологиялык билим берүү экспедициясы Нарын облусунда 🌍Экообразовательная экспедиция в Нарынской области
От Ladmiiplog
🌍NABU Кыргызстан уюмунун адистери Нарын облусунун, Кочкор районунун Ак-Талаа, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Орток, Кара-Суу, Исакеев айылдарынын жана Нарын шаарында экологиялык билим берүү экспедициясын өткөрүштү.
🌍Бул маанилүү иш-чарага 300 дөн ашык бала-бакча тарбиялануучулары, мектеп жана эл аралык лицей окуучулары катышты.
Экспедициянын негизги максаты тоолуу аймактарда жашаган балдар жана жаштар арасында экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу болгон.
Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулар тоо экосистемаларын сактоонун, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун жана өз региондорун туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө билишти.
Экспедициянын алкагында мыйзамсыз аңчылык менен күрөшкөн “Барс тобу” жана мониторинг бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да катышып, өздөрүнүн иштери менен таныштырышты.
Программа интерактивдүү, практикалык сабактар, оюндарды жана мастер-класстарды камтыды, алар өз мекенинин жаратылышы жөнүндө билимдин кеңейишине гана эмес, экологиялык жооптуу жүрүм-турумдун калыптанышына да өбөлгө түздү. Тоолордун таза суунун, биологиялык ар түрдүүлүктүн жана уникалдуу климаттын булагы экенине өзгөчө көңүл бурулду.
#NABUКыргызстан
🌍Специалисты NABU Кыргызстан провели экообразовательную экспедицию в селах Ак-Талаа, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Орток, Кара-Суу, Исакеев Кочкорского района Нарынской области и в г.Нарын.
🌍Мероприятие было приурочено к Международному дню гор. Это событие охватило более 300 воспитанников детских садов, учеников школ и международного лицея г. Нарын.
Основной целью экспедиции было повышение экологической осведомленности среди детей и молодежи, проживающих в горной местности. В ходе мероприятий участники узнали о важности сохранения горных экосистем, рационального использования природных ресурсов и устойчивого развития своих регионов.
Программа экспедиции включала презентации о работе антибраконьерной “Группы Барс” и отдела мониторинга.
Для ребят состоялись интерактивные и практические занятия, игры и мастер-классы, которые способствовали не только расширению знаний о природе родного края, но и формированию экологически ответственного поведения. Особое внимание было уделено роли гор как источников пресной воды, биоразнообразия и уникального климата.