










NABU Кыргызстан уюмунун адистери Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы академик А.Мамытов атындагы жалпы орто мектепте «Илбирс — керемет аярлуу жаныбар» аталышындагы ачык саат өткөрүштү. Иш-чара мектеп администрациясынын кайрылуусунун негизинде Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурулду. Практикалык ачык саатка 8–10-класстын окуучулары катышты.
Иш-чара учурунда окуучуларга илбирстин биологиясы жана экологиясы, бийик тоолордо жашоо өзгөчөлүктөрү, экосистемадагы маанилүү ролу боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле мыйзамсыз мергенчиликке каршы аракеттер, илбирсти коргоодогу илимий мониторингдин мааниси жана экологиялык билим берүүнүн зарылдыгы тууралуу презентация көрсөтүлдү.
Соңунда суроо-жооптор уюштурулуп, активдүү катышкан окуучуларга уюм тарабынан даярдалган атайын белектертер тапшырылды. Катышуучулар алган таасирлери менен ыраазычылыктарын жазуу түрүндө билдиришти.
Мектеп жетекчилиги иш-чара окуучулар үчүн абдан маанилүү болгонун белгилеп, мындай практикалык сааттар мындан ары да улантыларына үмүт артышты.
Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24