Ош шаарындагы Сапат билим берүү мекемесинин “Ош Сема Кембридж” мектебинин директору менен жолугушуу. 🌿 Встреча с директором школы «Ош Сема Кембридж» образовательного учреждения «Сапат» города Ош
От Ladmiiplog
“Германиянын табиятты коргоо уюмунун (NABU)” КР филиалынын мүдүрү Толкунбек Асыкулов Ош шаарындагы Сапат билим берүү мекемесинин “Ош Сема Кембридж” мектебинин директору Алмазбек Жаркынбаев менен жолугушту.
Анда NABU Кыргызстан уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу кенен айткан Т.Асыкулов айрыкча экологиялык билим берүү жаатында жасалып жаткан жумуштарды өзгөчө белгиледи. Аны менен катар келечекте бул жаатта аталган мектеп менен да кызматташууга кызыктар экенине токтолду.
Ал эми А.Жаркынбаев да кызматташууга кызыктар экендигин билдирип, келечек ээлерине экологиялык билим берүү темасында өзгөчө ыкмаларды колдонуу менен тренингдер өтүлсө жакшы болоорун айтты.
Жыйынтыгында “Ош Сема Кембридж” мектебинин окуучуларына NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан экологиялык тренингдер байма-бай өткөрүп туруу пландаштырылды.
#NABUКыргызстан
Директор филиала ОО “Союз охраны природы Германии (NABU)” в КР Толкунбек Асыкулов встретился с директором школы «Ош Сема Кембридж» образовательного учреждения «Сапат» города Ош Алмазбеком Жаркынбаевым.
На встрече Т.Асыкулов подробно рассказал о деятельности организации NABU Кыргызстан. Он особо отметил работу, проводимую в сфере экологического образования и выразил заинтересованность в сотрудничестве в этом направлении.
А.Жаркынбаев в свою очередь поддержал такую инициативу и выразил свою заинтересованность и готовность в сотрудничестве. Он также отметил, что современным школьникам понравятся экологические акции и уроки в формате тренинга по специальным методикам на тему экологического образования.
По итогам встречи были запланированы проведение экологических тренингов на регулярной основе для учащихся школы «Ош Сема Кембридж» сотрудниками Южного филиала организации NABU Кыргызстан.