Экологиялык билим берүү экспедициялары программасы ишин улантууда. 🌿 Программа экологические образовательные экспедиции продолжает свою работу
От Ladmiiplog
🌿Биздин уюмдун адистери Чүй облусунун Москва районунун Беш-Көрүк, Жайыл районунун Сары-Булак, Панфилов районунун Букара, Тельман, Кум-Арык, Орто-Арык, Чорголу, Орто-Кайырма, Эркин-Сай айылдарында окуучулар жана бала-бакча тарбиялануучулар үчүн экологиялык сабактарды өткөрүштү. Эл аралык ак илбирс күнүнө (23-октябрь) арналган экспедициянын алкагында балдарга биздин уюмдун илбирсти коргоо 🐾боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерибиз тууралуу айтып беришти.
Экспедициянын алкагында 550дөн ашык балдар бул сейрек кездешүүчү жырткычты коргоонун жана сактоонун маанилүүлүгүн билишти.
Эл аралык ак илбирс күнү 2013-жылы Бишкекте өткөн ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форумда, анын ареалындагы өлкөлөрдүн катышуусунда уюштурулган.
🐾 Илбирс Кызыл китепке киргизилген жана эл аралык уюмдар, анын ичинде Эл аралык жаратылышты коргоо бирикмеси (МСОП) жана СИТЕS тарабынан корголот.
#NABUКыргызстан
🌿Экологи нашей организации провели экологические уроки для учеников и воспитанников в сёлах Беш-Көрүк Московского района, Сары-Булак Жайылского района, Букара, Тельман, Кум-Арык, Орто-Арык, Чорголу, , Орто-Кайырма, Эркин-Сай Панфиловского района Чуйской области. В рамках экспедиции, приуроченной ко Дню снежного барса (23 октября), детям рассказали о работе нашей организации по его защите.🐾
Экспедиция охватила более 550 детей, которые узнали о значимости охраны и сохранения этого редкого хищника.
Этот день был учреждён в 2013 году на Всемирном форуме по сохранению снежного барса в Бишкеке, при участии стран его ареала. 🐾 Снежный барс занесён в Красные книги и охраняется международными организациями, включая МСОП и СИТЕS.