🌍🌿NABU Кыргызстан уюму 10-ноябрдан 10-декабрга чейин жарыяланган медиа материалдар сынагынын жыйынтыгын чыгарды 🌍🌿NABU Кыргызстан подвел итоги конкурса медиаматериалов, объявленного с 10 ноября по 10 декабря.
От Ladmiiplog
🌍Сынагыбызга аймактык журналисттер көңүлүн бурганы чын жүрөктөн кубантты. Бардыгы болуп ЖМК өкүлдөрүнөн 20дан ашык эмгектери кабыл болуп, комиссиянын чечими менен эң татыктуулары тандалып алынды.
Өзгөчө айта кетчү нерсе, иш-чарага биздин уюм менен бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган өнөктөштөрүбүз “Партнер дом”, “Саякат туризм” жана “Green energy” чакырылып, аларга да өз ыраазычылыгыбызды билдирдик.
Сынакты өткөрүү мөөнөтү салыштырмалуу кыска болгонуна карабастан, бизге сапаттуу жана мазмундуу медиа материалдар жөнөтүлдү. Биз ар бир катышуучуга талыкпас эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз жана бул сынак экологиялык темаларды чагылдырган журналисттерге сыйлоо иш-чаралардын биринчи кадамы болгонун баса белгилейбиз.
Мындай демилгелер коомду шыктандырып, табиятты коргоонун маанилүү маселелерине көңүл бура турган экологиялык журналистиканын жогорку деңгээлдеги адистеринин жаңы толкунун түзүүгө жардам берет деп терең ишенебиз.
🌍Сынактын баалуу белектеринин жеңүчүүлөрү: “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинин кабарчысы Кенже Осмоналиева, УТРКнын Биринчи радиосунун баяндамачысы Назира Молдокулова, УТРКнын “ЭлТР” Жаңылыктар дирекциясынын кабарчысы Автандил Бактыбеков, ТРК МИР телеканалынын кабарчысы Аида Аматбекова, УТРКнын Чуй телеканалынын кабарчысы Клара Кудайбергенова, “Акипресс” агенттигинин Нарын аймактык кабарчысы Майрамбек Деркембаев.
#NABUКыргызстан
🌍Мы были искренне рады и вдохновлены тем, что конкурс привлек внимание региональных журналистов. Всего мы получили более 20 работ от представителей СМИ, и по решению комиссии были выбраны самые достойные.
Особенно хотелось бы отметить, что на мероприятии мы смогли выразить свою признательность и нашим партнерам, компаниям “Партнер дом”, “Саякат туризм” и Green energy за плодотворное и успешное сотрудничество.
Несмотря на относительно короткий срок проведения конкурса, нам поступили заявки с качественными и содержательными медиаматериалами. Мы благодарим каждого участника за проделанную работу и хотим подчеркнуть, что этот конкурс стал первым шагом в выражении признательности журналистам, освещающим экологические темы.
Мы искренне надеемся, что такие инициативы помогут сформировать целую волну высококлассных специалистов в области экологической журналистики, которые будут вдохновлять общество и привлекать внимание к важным вопросам сохранения природы.
🌍Призеры ценных призов конкурса: корреспондент государственной газеты “Эркин-Тоо” Кенже Осмоналиева, корреспондент Биринчи радио НТРК Назира Молдокулова, корреспондент дирекции жаңылыктар НТРК “ЭлТР” Автандил Бактыбеков, корреспондент ТРК МИР Аида Аматбекова, корреспондент НТРК ЧуйТВ Клара Кудайбергенова, корреспондент ИА “Акипресс” по Нарынскому региону Майрамбек Деркембаев.