










NABU ищет лучшего специалиста по сохранению снежного барса

Берлин / Бишкек-Германиянын табиятты жана биоартүрдүүлүктү коргоо Союзу NABU “Ак илбирсти сактоо боюнча 2024 сыйлыгынын”лауреаттарын издейт.
Сиз бул сейрек кездешүүчү түрдү коргоп жатасызбы? Же ак илбирсти сактоого өзгөчө салым кошкон адамды же уюмду билесизби? Анда бизге катышуу билдирмеңизди жөнөтүңүз же башка адамды же уюмду лауреат катары көрсөтүңүз!
Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү snowleopard-award@nabu.de. электрондук почта аркылуу 2024 жылдын 15-сентябрына чейин ачык.
Сыйлыкты алууга ак илбирсти, анын жашоо чөйрөсүн жана анын тоют базасынын негизин түзгөн жаныбарларды сактоого олуттуу салым кошкон жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндө иштеген жеке адамдар жана уюмдар, ошондой эле саясий, илимий жана маданий тармактарынын өкүлдөрү талапкер боло алышат.
NABU уюму бул сыйлыкты 2018-жылдан баштап, жыл сайын 23-октябрда эл аралык Ак илбирс күнүндө, тапшырып келет. Сыйлыктын буга чейинки лауреаттары: Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргызстандын Германиядагы мурдагы элчиси Эринес Оторбаев, Пакистандын “Балтистан жапайы жаратылышын сактоо жана өнүктүрүү боюнча уюму” (Baltistan Wildlife Conservation and Development Organization) бейөкмөт уюму, Индиянын “High Asia Habitat Fund” бейөкмөт уюму жана Тажикстандын “Бургут”жапайы жаратылышты коргоо ассоциациясы.
Аталган сыйлык 5000 евро фонду менен ак илбирсти сактоо боюнча биргелешкен долбоор үчүн тапшырылат.
Мисалга, 2019-жылы NABU уюму тажикистандык “Бургут” ассоциациясы менен биргеликте Тажикстандын Аличур айылынын балдары үчүн “Жапайы жаратылыш лагерин” уюштурган. Лагерде балдар жапайы жаныбарларга байкоо салып жана алардын санагын жүргүзүштү. Алар ошондой эле табигый жашоо чөйрөсүндө жапайы жаратылышты сүрөткө тартуу үчүн камера тузактарын өз алдынча орнотууну үйрөнүштү. Мындай тажрыйба жаратылышты жана түрлөрдү сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө гана жардам бербестен, балдарга кубаныч жана ырахат тартуулайт. ________________________________________________________________________________________________________
NABU (“Германиянын жаратылышты коргоо жана биоартүрдүүлүк союзу”.) 940 миңден ашуун мүчөсү жана донору бар Германиянын эң байыркы жана жаратылышты коргоо ири уюму. 125 жылдан бери NABU улуттук жана эл аралык деңгээлде адамдын жана жаратылыштын кызыкчылыгы үчүн иштеп келет. Уюмдун эл аралык ишмердигинин багыттарынын бири болуп Борбордук Азияда ак илбирсти коргоо жана сактоо болуп саналат. NABUнун Бишкектеги филиалы 30 жылдан бери Кыргызстандагы ак илбирсти коргоо иш чараларын координациялап келет.
АК ИЛБИРС сыйлыгы жөнүндө кененирээк маалымат: https://en.nabu.de/topics/species/prize.html
Байланышуучу адиси: Катя Каупиш, Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрү боюнча жумушчу топтун тең жетекчиси, Katja.Kaupisch@nabu.de / snowleopard-award@nabu.de
___________________________________

Союз охраны природы и биоразнообразия Германии NABU принимает заявки на соискание “Премии по сохранению снежного барса 2024”. Премия включает в себя почетный знак и вознаграждение в размере 5 000 евро, которые традиционно вкладываются в совместный проект по сохранению снежного барса.
Вы занимаетесь охраной этого редкого вида? Или знаете человека или организацию, которые внесли особый вклад в сохранение снежного барса? Подайте заявку или номинируйте другого человека или организацию! Приём заявок продлится до 15 сентября 2024 года по адресу электронной почты snowleopard-award@nabu.de.
Кого мы ищем?
NABU рассматривает кандидатуры частных лиц или организаций, занимающихся охраной природы и биоразнообразия, а также представителей политики, науки и культуры, которые внесли значительный вклад в сохранение снежного барса, его добычи или среды обитания. Этот вклад может включать такие меры, как:
Подайте заявку или предложите кандидата уже сейчас!
Чтобы подать заявку, отправьте нам следующую информацию по адресу snowleopard-award@nabu.de:
Краткая биография кандидата / ссылка на веб-сайт организации (включая контактные данные, такие как адрес электронной почты и почтовый адрес)
Краткое обоснование: Каким образом Вы / Ваш кандидат внесли вклад в сохранение снежного барса?
По желанию: Вспомогательные материалы (фотографии, видео, материалы о Ваших проектах и т.д.)
О премии по сохранению снежного барса
Начиная с 2018 года, организация NABU вручает эту премию ежегодно 23 октября, в Международный день снежного барса. Среди предыдущих лауреатов премии: экс-президент Республики Кыргызстан Роза Отунбаева, бывший посол Республики Кыргызстан в Германии Эринес Оторбаев, пакистанская НКО “Организация по сохранению и развитию дикой природы Балтистана” (Baltistan Wildlife Conservation and Development Organization) и таджикская ассоциация охраны дикой природы “Бургут”.
О Союзе охраны природы и биоразнообразия Германии
NABU («Союз охраны природы и биоразнообразия Германии») – старейшая и крупнейшая природоохранная организация Германии с более чем 940 тысячами членов и доноров. На протяжении 125 лет NABU работает на национальном и международном уровне в интересах человека и природы. Одним из направлений международной деятельности организации является сохранение снежного барса в Центральной Азии. Так, филиал NABU в Бишкеке уже 30 лет координирует охрану снежного барса в Кыргызстане.
Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24