










🌍🌿Экологиялык билим берүү экспедициясынын алкагында Түп районунун акими Каныбек Адиев менен жолугушуу болуп, биздин уюмдун атынан кайрылуу каты берилди.
Түп районунун аймагына караштуу Кургак кырка (Сухой хребет) аймагында байырлаган турна – (лат. Grus grus, Grus communis) – серый журавль ошондой эле Каркыра өрөөнүндө каркыра-(лат. Anthropoides virgo)- журавль красавка уялаган Ийри-Суу, Каркыра дарыяларынын жээгиндеги аймактарга жакын жайгашкан айылдардын тургундарына турналардын күз жана жаз миграция мезгилдеринде коопсуздукту камсыз кылуу чаралары жөнүндө атайын жобону чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен кайрылдык.
Кийинки жолугушуулар райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Сейит Абдылдаев жана Түп токой чарбасы кызматынын убактылуу милдетин аткаруучу жетекчиси Наргиз Мусаев менен кезиктик.
Алар менен катар жергиликтүү китепканалар, Каракол облустук жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин китепканаларынын өкүлдөрү менен маанилүү жолугушуулар болду.
Биздин уюмдун иш аракети боюнча маалыматтар менен белектер, NABU Кыргызстан уюмунун директору Т.Асыкуловдун “Кыргызстандын өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары”, “Илбирс жана анын Кыргызстандагы абалы” автордук китептери тапшырылды.
В рамках нашей экологической образовательной экспедиции состоялась встреча с акимом Тюпского района Каныбеком Адиевым, которому передали письмо от имени нашей организации. В письме мы обратились с просьбой рассмотреть возможность издания специального положения о мерах и правилах для местных жителей айылов расположенных вблизи прибрежных территорий сухого хребта, где проходят миграционные зоны серого журавля – (лат. Grus Grus, Grus communis) и обитающего в долине Каркыра и гнездящегося на берегу рек Ийри-Суу, Каркыра журавля красавки (лат. Anthropoides Virgo). Такие меры предосторожности обеспечат безопасный осенний и весенний миграционный период журавлей,
Также состоялись встречи с руководителями районного отдела образования Сейитом Абдылдаевым, лесной службы Тюпского лесхоза Наргизом Мусаевым, местных библиотек, Каракольской областной библиотеки и библиотеки Иссык-Кульского государственного университета им. К.Тыныстанова. На встречах мы рассказали о деятельности нашей организации, вручили информационные материалы и авторские книги директора NABU Кыргызстан Т. Асыкулова: «Кыргызстандын өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары» и «Илбирс жана анын Кыргызстандагы абалы».










Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24