🌍🌿 Бүткүл дүйнөлүк турна күнүнө карата экологиялык билим берүү экспедициясы 🐦 🌍🌿Экологическая образовательная экспедиция к Всемирному дню журавля
От admin_nabu
🌍Биздин уюмдун экологиялык билим берүү экспедициялары чоң программасы уланууда. Бул жолу биздин экологдор мектеп окуучулары үчүн Бүткүл дүйнөлүк турна күнүнө карата кызыктуу сабактарын өткөрүштү.
Маршрутубуз турналардын миграциялык зоналарына кирген Түп районунун Түп, Ысык-Көл, Ынтымак айылдарын, ошондой эле Түп районунун кургак кырка аймагындагы Сары – Булуң, Тогуз-Булак жана Каркыра өрөөнүнө жакын жайгашкан Кең-Суу, Байзак айылдарын орто мектептерин камтыды.
Аталган айылдардын мектептеринин окуучулары үчүн экологиялык ачык сабактарды жана Тогуз-Булак айылынын окучулары үчүн практикалык талаа иштери менен өткөрүлүп, балдарды уюмубуздун ишмердүүлүгү жана турналарды коргоонун маанилүүлүгү менен тааныштырдык.
Атайын даярдалган ачык сабак форматында экологиялык билимдер маалыматтуу гана эмес, дем берүүчү да болуп, балдардын табиятты коргоого жана сейрек кездешүүчү канаттууларды сактоого болгон кызыгуусун арттырды.
Биздин экологдор турналардын түрлөрү, алардын жашоосу жана ушул аймакта болуп жаткан миграция мезгили жөнүндө кызыктуу фактыларды жана маалыматтарды айтып беришти. Куштардын жашоосу жана түрлөрү жөнүндө жазылган
“Куштар аңгемеси” аттуу чыгарма окуучулардын катышуусунда аткарылып, балдарга өзгөчө таасир калтырды.
Бардык катышуучуларга жаратылышты коргоого болгон кызыгуусу үчүн ыразычыгыбызды билдиребиз! Биргеликте биз кооз табиятыбызды сактай алабыз.💚
#NABUКыргызстан#Экология#Бүткүлдүйнөлүктурнакүнү#ЫсыкКөл#Табияттыкоргоо#Экологиялыксабаттуулук#КуштарАнгемеси#Турналар
🌍Большая программа экологические образовательные экспедиции продолжается и на этот раз экологи нашей организации провели экологические открытые уроки для школьников, приуроченные к Всемирному дню журавля!
Маршрут экспедиции охватил миграционные зоны журавлей, это прибрежные территории озера Иссык-Куль и села Тюп, Ысык-Көл, Ынтымак, а также села в зоне Сухого хребта – Сары-Булун, Тогуз-Булак и села входящие в долину Каркыра Кен-Суу, Байзак Тюпского района.
В рамках открытого урока школьники познакомились с деятельностью нашей организации и узнали, почему так важна охрана и защита журавлей.
Наши экологи подготовили интересные факты и данные о существующих видах журавлей, их жизни и миграционного периода, который проходит в этой местности.
Уроки стали не только познавательными, но и вдохновляющими, пробудив у детей интерес к защите природы и сохранению редких видов птиц.
Особенно впечатлила ребят часть программы, в котором с участием самих учеников пересказали произведение «Куштар аңгемеси», о жизни и видах птиц.
Выражаем благодарность всем участникам нашей образовательной экспедиции за живой интерес к охране природы! Вместе мы сможем сохранить нашу прекрасную природу.