Ноокат районунда Кызыл китепке кирген гималай кумайын (Cнежный гриф-Gyps himalayensis) кармаганы үчүн Шалдырама айылынын тургуну кармалды. ✅ В Ноокатском районе Ошской области за ловлю гималайского стервятника (Gyps Himalayensis), занесенного в Красную книгу, задержан житель села Шалдырама.
От Ladmiiplog
✅Ош облусунун Ноокат районунда Кызыл китепке кирген гималай кумайын (Cнежный гриф-Gyps himalayensis) кармаганы үчүн Шалдырама айылынын тургуну кармалды. Ал канаттууну учуп келип конгондо кармап, видеого тартып, ватсап группаларга таратып жиберген.
Мындан улам, NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери жана КР ЖРЭжТК министрлигинин Ош облусу боюнча биоар түрдүүлүк бөлүмүнүн ыкчам тобунун кызматкери Төлөнбай Каримов менен биргеликте пландан сырткары рейд өткөрүштү. Натыйжада канаттууну кармаган адам колго түшүп, бул фактыны мойнуна алган.
Кармалган кумайды учуруп жиберишкени аныкталган. Негизи Кызыл китепке кирген жаныбарды кармаса да айыппул салынат. Бул факт боюнча акт түзүлүп, шектүүлөрдөн түшүнүк кат алынды.
#NABUКыргызстан
✅В Ноокатском районе Ошской области за ловлю гималайского стервятника (Gyps Himalayensis), занесенного в Красную книгу, задержан житель села Шалдырама. Он поймал птицу, когда она приземлилась, снял видео и распространил его в группах WhatsApp.
В результате сотрудники группы «Барс-2» Южного отдела NABU Кыргызстан совместно с сотрудником оперативной группы отдела биоразнообразия Министерства ПРЭиТН КР Толенбаем Каримовым провели незапланированный рейд. В результате подозреваемый гражданин был задержан и признался, что ловил птицу.
Установлено, что пойманную птицу отпустили. По данному факту составлен акт, от подозреваемых получено объяснительное.