










✅2025-жылдын 7–9-март күндөрү NABU Кыргызстан уюмунун Барс-2 тобу Ош облусунун Алай жана Ноокат районунун егерлери менен биргеликте Алай жана Чоң-Алай райондорунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы пландуу рейд жүргүздү.
✅Рейддин жүрүшүндө Чоң-Алай районунун Дорот-Коргон, Кызыл-Эшме айылдарынын аймактары, Алай районундагы Сары-Могол жана Кара-Кабак капчыгайлары, ошондой эле Сары-Таш менен Ак-Босого айылдарынын жайлоолору текшерилди.
✅Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга NABU Кыргызстан уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар берилип, аң уулоонун мыйзамдуу эрежелери түшүндүрүлдү. Текшерүүгө алынган аймактарда мыйзам бузуу фактылары катталган жок.

Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24