










NABU Кыргызстан уюмунун «Барс-2» тобу, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егери менен биргеликте рейд жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ноокат районунун Чили-Сай капчыгайында аң уулоо эрежелерин бузган төрт жана Кара-Суу районунун Кара-Жылга жайлоосунда дагы бир жаран кармалды. Аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык 12 500 сомдон 62 500 сомго чейин айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзамсыз атылган сегиз баш кекилик үчүн 16 000 сом өлчөмүндө экологиялык доо коюлду. Ошентип жалпы 91 миң сом айыппул салынды.
Рейд маалында башка жарандарга аң уулоо эрежелерин сактоо жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24