NABU Кыргызстан уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кичи-Суусамыр жайлоосунда өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө аңчылык куралын мыйзамсыз алып жүргөн эки жаран аныкталды. Текшерүү учурунда алардан сайлуу эки аңчылык мылтыгы алынды.







