










🌎NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобу Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларына жакын тоолорго мыйзамсыз аңчылыкка чыккандарга каршы күрөшүү максатында пландан сырткары рейд өткөрдү.
Рейд КР ЖРЭжТК министрлигинин Жала-Абад регионалдык башкармалыгынын аңчы адистеринин атайын чакыруусунун негизинде уюштурулду.
Иш-чарага Сузак районунун аңчы адиси, Аксы районунун корукчусу да катышты. Рейддин алкагында, Кара-Көл токой чарбасынын Бекечал жана Көк-Бел участкаларына аң уулоого чыккан онго жакын жаран аныкталып, текшерүүгө алынды. Алардын документтери туура болгон жана ууга чыгышканы менен эч кандай жаныбар атышпаганы белгилүү болду.
Ал эми Бекечал участкасында бир жарандын жанындагы куралынын уруксат кагазы болгон менен аңчылык кылууга уруксаты жок болуп чыкты, жеринен айыппулга акт түзүлүп жана куралы убактылуу алынды.
Иш-чаранын алкагында жергиликтүү жарандар менен жолугушуулар өткөрүлүп, жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.
🌎Группа «Барс-2» NABU Кыргызстан провела внеплановый рейд с целью борьбы с незаконной охотой в горах вблизи городов Таш-Комур и Кара-Куль Джалал-Абадской области.
Рейд был организован по специальному приглашению охотоведов Жалал-Абадского областного управления Министерства ПРЭиТН КР.
В мероприятии также приняли участие охотовед Сузакского района и егерь Аксыйского района.
В рамках рейда были проверены около десяти граждан охотившиеся на Бекечалском и Кок-Бельском участках Кара-Кульского лесхоза. Выяснилось, что почти у всех были разрешительные документы на охоту.
Однако на Бекечалском участке у одного гражданина имелось разрешение на оружие, но не было разрешения на охоту, поэтому на месте был составлен акт о нарушении и временно конфисковано охотничье оружие.
В рамках мероприятия были проведены встречи с местными жителями, а также проведены информационно-разъяснительные мероприятия.




Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24