🌍NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмү Кадамжайда “Экокербен” уюштурду. 🌍Южный отдел организации NABU Кыргызстан организовал «Экокербен» в Кадамжае
От Ladmiiplog
🌍🌿Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Сурма-Таш” мамлекеттик жаратылыш коругуна жакын жайгашкан айылдардагы мектептерди камтыган “Экокербен” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.
Райондун Майдан, Кара-Кыштак, Кара-Жыгач айылдарындагы Исфайрам, Таиров, Тажибаев жана Дыйкан орто мектептеринде өткөрүлгөн иш-чарага жалпысынан 200гө жакын окуучу катышты.
Экокербендин негизги максаты – балдардын экологиялык маданиятын, жаратылыштагы аң-сезимдүү жүрүм турумун калыптандыруу, жаратылышка болгон сүйүүсүн өстүрүү жана табиятка аяр мамиле жасоого тарбиялоо болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга Кыргызстандын “Кызыл китеби”, ага кирген жаныбарлар жана аларга зыян келтирүүдө салынуучу айыппулдар боюнча сабактар өткөрүлдү.
Ошону менен бирге “Сурма-Таш” мамлекеттик жаратылыш коругуна өзгөчө басым жасалып, анда байырлаган жана “Кызыл китепке” кирген жапайы жаныбарлар тууралуу кенен маалыматтар айтылды.
Мындан сырткары, “Экология жана ден соолук” деген темада сабак өтүлдү. Анда адамдын ден соолугу айлана-чөйрөнүн экологиялык абалына көз каранды экендиги түшүндүрүлүп, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга, жаратылышка келтирилген зыяндарды азайтууга багыт берилди.
#NABUКыргызстан
🌍🌿В программе «Экокербен», приняли участие школы сел, расположенных вблизи государственного природного заповедника «Сурма-Таш» в Кадамжайском районе Баткенской области.
В мероприятии, которое прошло в средних школах Исфайрам, Таиров, Тажибаев и Дыкан сел Майдан, Кара-Кыштак, Кара-Жыгач Кадамжайского района, приняли участие около 200 учащихся.
Основной целью мероприятия было формирование у детей экологической культуры, осознанного поведения на природе, развитие у них любви к природе и воспитание чуткого отношения к природе.
В ходе экологических уроков школьникам были рассказаны о животных внесенных в «Красную книгу» Кыргызстана, и штрафах за причинение им вреда. При этом особое внимание было уделено государственному природному заповеднику «Сурма-Таш», дана подробная информация о диких животных, и о занесенных в «Красную книгу».
Сотрудники заповедника также приняли участие в «Экокербене» и рассказали школьникам подробную информацию о заповеднике.
Кроме того, был проведен урок на тему «Экология и здоровье». Специалисты рассказали, о том как здоровье человека зависит от экологического состояния окружающей среды, даны направления по экономному использованию природных ресурсов и снижению ущерба природе. В завершение была проведена онлайн-викторина по итогам которой, школьникам-победителям были вручены специальные подарки от NABU Кыргызстан.