










Ош облусунун Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Араван райондорунда жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу максатында ыкчам рейд уюштурулду.
Рейддин жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айыл аймагындагы Суу-Башы, Ашуу-Айрык, Жүлгүр жана Балык жайлоолорунда, ошондой эле Кара-Суу районунун Тейке айылындагы Кара-Чукур, Кырк-Кечүү аймактары көзөмөлгө алынды. Жыйынтыгында Кара-Кулжа жана Араван райондорунда балык уулоо эрежелерин бузган жарандар аныкталып, аларга 10 миң сом өлчөмүндө айыппул салынып, кошумча 2525 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Иш-чараны NABU Кыргызстан уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын аңчы адиси жана егерлери менен биргеликте өткөрүштү.
Рейддин алкагында жергиликтүү тургундар арасында өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын мыйзам чегинде пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24