










NABU Кыргызстан уюмунун Кемин районунун Суулуу-Терек капчыгайында жайгашкан жапайы жаныбарларды калыбына келтирүүчү реабилитациялык борборунда 1 жыл 2 айдан бери багылып турган аюу ушул жылдын 3-июль күнү Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна кое берилди.
Ал аталган борборго 2 айлык мамалак кезинде алып келинген. Анда салмагы 7 кг. болсо, азыр кое берилгендеги салмагы 60 кгдан ашкан.
Аюуну жаратылышка кое берсе болору тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун ветеринардык дарыгери (в.и.к.) Бакыт Ажыбеков атайын корутунду чыгарган. Ошондон кийин уюмдун кызматкерлери КР ЖРЭжТК министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте, аюунун кулагына бирка басып, мойнуна GPS-каргы тагып, аталган коруктун коопсуз аймагына кое беришти.
2-3 күндүк байкоонун натыйжасында, аюу жаратылышка көнүп, бийик тоолуу аймакка чыгып кеткен. Анын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айткан Ажыбеков, эми мындан ары аюунун кыймыл-аракети дайыма көзөмөлдө болуп, илимий изилдөө да жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24