










✅NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобу Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Шоро жаратылыш паркынын кызматкерлери жана экологиялык көзөмөл органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте аталган паркта мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү максатында пландуу рейд өткөрүштү.
✅Бул иш-чаранын алкагында Өзгөн районундагы Кара-Шоро жаратылыш паркын кызматкерлери менен жеринен таанышып келечекте тыгыз иштешүү боюнча макулдашылды. Кара-Шоро паркына бараткан жолду сел алып кеткенине байланыштуу максатталган аймакка жетүү мүмкүн болгон жок, андыктан артка кайтууга туура келди.
✅Бирок рейд иштери аталган райондун Он беш жаш, Көлдүк, Тоо-Дыйкан, Салам-Алик айылдарынын жайлоолоруна жана Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасына жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда эч кандай мыйзам бузуулар жана уруксатысыз аңчылык фактылары катталган жок.
✅Рейддин жүрүшүндө жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү тургундарга экологиялык талаптар тууралуу маалыматтар берилди.
✅Мындан сырткары, аңчы адистери жана жаратылышты коргоого кызыккан жарандар менен жолугушуулар өтүп, келечектеги кызматташуу пландары макулдашылды.

Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24