










✅2025-жылдын 16-апрелинде Ноокат районунда жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоого каршы кезектеги ыкчам рейд өткөрүлдү. Рейд NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобу тарабынан КР ЖРЭжТК министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Ноокат РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.
✅Текшерүү учурунда райондун Ак-Булак айылынын эки тургуну бир баш кашкулак жана төрт баш кекиликти тузак менен кармап, аларды социалдык тармактар аркылуу сатууга аракет кылып жаткандыгы аныкталды. Мыйзам бузгандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесине ылайык, 10 миң сом административдик айыппул салынды. Ошондой эле, кашкулак үчүн 6 миң сом өлчөмүндө доо коюлуп, жалпы 16 миң сом айып каралды.
✅Тирүү кармалган төрт кекилик кайрадан жаратылышка коё берилди. Ал эми мыйзам бузууга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24