










✅Бүгүн, 22-апрель – Эл аралык Жер күнүн белгилөөнүн алкагында, Чүй облусундагы Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Шабдан айылында экологияны даңазалаган атайын иш-чара өткөрүлдү. Аны NABU Кыргызстан уюмунун «Экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланыш» бөлүмү Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркындагы кызматкерлери менен биргеликте уюштурду.
✅Иш-чаранын алкагында окуучулар менен марш жүрүш уюштурулуп, көчөттөр отургузулду. Андан соң 8-класстын окуучулары арасында эко-спорттук шамдагайлар таймашы өттү. Мелдешке Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу үч мектеп – Кызыл-Байрак, Тегирменти жана Шабдан орто мектептеринен 10дон (5 кыз, 5 бала) окуучу катышты.
✅Таймаш төрт бөлүктөн болуп, окуучулардын экологиялык түшүнүгүн, тапкычтыгын жана шамдагайлыгын сынаган оюндар менен коштолду. Жыйынтыгында Кызыл-Байрак орто мектебинин командасы эң жогорку — 153 упай топтоп, биринчи орунду камсыз кылды.
✅Жеңүүчүлөр жана катышуучулар 1-, 2- жана 3-даражадагы дипломдор, грамоталар, экологиялык китептер жана белектер менен сыйланышты. Иш-чарага катышкан окуучулар чын дилден ыраазычылыгын билдирип, иш-чара ийгиликтүү аяктады.

Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24