










✅Учурда балыктардын уруктануу мезгилинде Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармагандар аныкталып, аларга айыппул салынды.
✅NABU Кыргызстан уюмунун “Барс” тобу Кыргыз Республикасынын ЖРЭжТК министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте аталган аймакта мыйзамсыз балык уулоого каршы атайын рейд өткөрүлдү.
✅Текшерүү учурунда Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары көл жээктеринде чабак балыктарын мыйзамсыз уулап жүргөн жеринен кармалды. Окуя болгон жерде тиешелүү протокол түзүлүп, аларга 40 миң сом айып салынды жана материалдар Ысык-Көл аймактык регионалдык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
✅Белгилүү болгондой, учурда балыктардын икра чачуу мезгили жүрүп жаткандыктан, мыйзам бузгандарга айып пул эки эселенип салынат. Бул экологияны жана жаратылыш ресурстарын коргоо максатында колдонулган чаралардын бири.
✅Рейд учурунда жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24