










✅Ушул жылдын 23-апрелинде Чүй облусунун Чоң-Кемин айыл өкмөтүндөгү «Шабдан» айылдык китепканасында «Табият менин тамырым» деген темада атайын иш-чара өттү. NABU Кыргызстан уюмунун «Экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланыш» кызматкерлери тарабынан уюштурулган бул саамалыкка айыл өкмөткө караштуу Төрт-Күл, Кызыл- Байрак, Тегирменти, Кайыңды, Кароол-Дөбө, Калмак-Ашуу, Тар-Суу айылдык китепканачылары катышты.
✅Алар “Аалам менен баарлашуу” аттуу кыскача сахналаштырылыган көрүнүш тартуулашты. Анда жерди курчаган суу, жаан, өрт жана адам, анын баласынын жаратылыш менен болгон өз ара мамилеси аркылуу экологиялык маселелер чагылдырылды.
✅Ал эми иш-чаранын кийинки бөлүгү «Керегеде керме сөз» аталышында тема менен уланды. Ага аталган айыл өкмөттүн 8 айылынын башычылары, ак сакалдар сотунун төрагасы, айылдык кеңештин төрагысы, Чоң-Кемин мамлекеттик паркынын кызматкерлери, аялдар кеңешинин өкүлдөрү, айыл активтери жана Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысынын катышты.
✅Бул иш-чарадагы негизги маселе – Чоң-Кемин өрөөнүндөгү жаратылыш ресурстарын колодонуудагы жетишкендик, андагы көйгөйлөр жана сунуштар болду. «Керегеде керме сөз» иш чаранын өзгөчөлүгү тасмал четинде ээн-эркин баарлашуу, пикир алмашуу, талкуулор менен өрөөндүн табиятка жергиликтүү калктын азыркы мезгилде мамилеси, улуу мундун жана азыркы жаштардын көз карашы талкууланып, жаратылыш байлыктарын туура пайдалануу сунуштары айтылды. Ошондой эле, унутулуп бараткан салттуу билим берүүгө кайрылып, таябият жөнүндө эле эмес, маданият, спорт, улуттук оюндар дагы талкууланып, улуттук билим берүүнү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
✅Иш-чаранын соңунда китепканачыларга ардак грамоталар, тургундарга экологиялык китептер жана календарлар тапшырылды. Катышуучулар бул саамалык үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24