










🌿11-декабрь – Эл аралык тоолор күнүнө карата Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы О. Сайдилканов атындагы мектеп гимназиясынын окуучуларына экологиялык сабак өткөрүлдү.
Анда окуучуларга тоолордун мааниси, тоолор тууралуу кызыктуу малыматтар, Кыргызстандын тоо экосистемасы жана аны сактоо жолдору тууралуу маалыматтар айтылды. Аны менен бирге Кыргызстандын экологялык, экономикалык жана социалдык абалы тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана сактап калуудан көз каранды экендиги белгиленди.
Аталган иш-чара КР ЖРЭжТК министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын Кара-Кулжа райондун бөлүмү менен биргеликте уюштурулду. Анда райондун аңчы адиси Жеңишбек Бекташов балдарга аймакты байырлаган жапайы жаныбарлар, аларга зыян келтирилсе, ага салынуучу айыппулдар тууралуу айтып, окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Кулун-Ата мамлекеттик коругунун кызматкерлери менен биргеликте окуучуларды коруктун экосистемасына тийиштүү болгон өсүмдүк жана жаныбарларынын негизинде түзүлгөн музейге экскурсия уюштурулду. Мында коруктун кызматкерлери тарабынан райондун уникалдуу тоо экоисистемасын байырлаган жаныбарлары тууралуу маалыматтар айтылды.
#NABUКыргызстан
🌿11 декабря – по случаю Международного дня гор состоялся экологический урок для учащихся школы-гимназии имени О.Сайдилканова Кара-Кульджинского района Ошской области.
На открытом уроке ученикам рассказали о природном значении гор, интересную информацию о горах, информацию о горной экосистеме Кыргызстана и способах ее сохранения. При этом было отмечено, что экологическое, экономическое и социальное положение Кыргызстана зависит от развития и сохранения горных территорий.
Мероприятие организовано совместно с Кара-Кульджинским районным отделом Ошской областной управлении Министерства ПРЭиТН КР. Женишбек Бекташов, охотовед области, рассказал детям о диких животных, обитающих в регионе, и штрафах за причинение им вреда.
Во второй части мероприятия совместно с сотрудниками Кулун-Атинского государственного заповедника для учеников была организована экскурсия в музей по растениям и животным, входящим в экосистему заповедника. Сотрудники заповедника рассказали о животных, населяющих уникальную горную экосистему реги









Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24