










Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак айылынан мыйзамсыз аңчылык менен алектенген 3 жараан кармалды. Алар 2 кекилик, 2 кыргоол атып алышканы аныкталды. Бул факт боюнча ал жарандарга протокол түзүлүп, үчөөнө жалпы 35 миң сом айыппул салынды.
Ушул эле рейддин алкагында, мыйзамсыз көтөрүп жүргөн эки аңчылык курал да алынды. Алар боюнча акт түзүлүп, алынган куралдар далил буюм катары райондук милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Бул рейд NABU Кыргызстан уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлерлери КР Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын аңчы адиси жана егери менен биргеликте өткөрүлдү.
Офис: +996 312 482 220
“Группа Барс”: +996 706 111 596
Пресс служба : +996 500 48 22 20
Email: nabu.org.kg@mail.ru
Адрес: г.Бишкек ул.Табачная, 24